23:23
USD 87.43
EUR 102.72
RUB 1.16

Мурдакы премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан дарыланууда

Мурдакы премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан дарыланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жардамчысы билдирди.

Анын айтымында, Кубатбек Бороновдун ахыбалы жакшы.

«Жандандыруу бөлүмүндө жатат деген маалымат калп. Кубатбек Айылчиевичтин ден-соолугу жакшы, туруктуу. Учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Ал коронавирус жуктуруп алган», — дейт ал.

Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын биринчи толкуну күч алган кезде, 16-июнда премьер-министр болуп дайындалды. Кызматтан 6-октябрда өз ары менен кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар