11:18
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Чүй облусунда ооругандардын саны өсүүдө

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 335 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, эң көп учур Бишкек шаарында (84) жана Чүй облусунда (107) аныкталды.

Ош шаарында — 28, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда — 17 жана Баткен облусунда — 22 кишиден вирус аныкталды.

Март айынан бери 75 миң  513 кишиден вирус аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби