03:20
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түркияда адам органдарын саткандар кармалды. Арасында кыргызстандыктар да бар

Түркиянын Стамбул шаарында адам органдарын мыйзамсыз сатууга шектелип 18 чет элдик адам кармалгандыгын «Анадолу» агенттиги жазды.

Иликтөө иштери органдарга муктаж болгон бейтаптын тууганымын деген чет элдиктердин шектүү көрсөтмөлөрүнөн кийин башталган.

«Текшере келгенде органын сатам дегендердин пациенттерге эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды. Кармалган 18 адамдын арасында Нигерия, Уганда, Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар», — деп жазды агенттик.

Кармалгандардын канчасы Кыргызстандын атуулу экени такталып жатканы маалымдалды.

Сурактан кийин сегиз киши эркиндикке чыккан. 10 адам сот алдына бара турган болгон. Анын ичинен бешөө камакка алынып, калган бешөө өлкөдөн сыртка чыкпайм деген тил кат менен кое берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар