Министрлер кабинети «2030-жылга чейин Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
Ага ылайык, Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы, аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы жана бюджети тиркемелерге ылайык бекитилди.
Программанын негизги максаты — 2030-жылга карата кошумча наркты жогорулатуу жана чакан жана орто ишкердиктин ички дүң продукцияга кошкон салымын көбөйтүү, иш менен камсыз кылууну арттыруу, экспорттук потенциалды кеңейтүү жана салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү аркылуу экономикада структуралык өзгөрүүлөргө жетишүү болуп саналат.
Программаны ишке ашыруунун институционалдык модели координация, санариптештирүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерине негизделет. Негизги механизмдер катары чакан жана орто ишкердикти колдоо институттарынын консорциумун түзүү жана ишкерлер үчүн «Бирдиктүү терезе» принцибин камсыз кылган «МСП Хаб» санариптик платформасын киргизүү каралган.
Токтом менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын 2030-жылга чейин Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын жана Иш-аракеттер планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленди.

