Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 гектар ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туралуу ашкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Натыйжада Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 65 млн сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

