Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 1-июлдан 5-июлга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Куткаруучулар тургундарды жана туристтерди сактык чараларын көрүүгө, жаан-чачын учурунда дарыя нуктарында, капчыгайларда жана башка кооптуу жерлерде болбоого, ошондой эле тоолуу аймактарга сапарларды пландаштырууда аба ырайынын божомолун эске алууга чакырат.

