16:39
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстан жумуртка өндүрүү боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты

Кыргызстан жумуртка өндүрүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыга чыкты. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда жумуртка өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7 пайызга өскөн.

Январь айынан апрелге чейин 294,1 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн.

Кыргызстандан кийинки орунда жумуртка өндүрүүсү 8,6 пайызга өскөн Казакстан ишенимдүү келе жатат.

Аталган мезгилде ЕАЭБ боюнча жалпы өсүш көрсөткүчү 2,6 пайызды түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар