16:39
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Быйыл 70 миңге жакын окуучу Жалпы республикалык тестирлөөдөн өттү

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, 2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) үч этабынын жыйынтыгы менен 69 миң 467 адам катышты.

Ага ылайык, абитуриенттердин 55,4 пайызы (38,5 миң адам) тестти кыргыз тилинде, ал эми 44,6 пайызы (31 миңге жакыны) орус тилинде тапшырышты.

Предметтик тесттер боюнча катышуучулардын саны:

  • тарых — 27 миң 927;
  • математика — 17 миң 687;
  • биология — 17 миң 297;
  • англис тили — 17 миң 168;
  • химия — 15 миң 128;
  • физика — 5 миң 915;
  • кыргыз тили жана адабияты — 5 миң 796;
  • орус тили жана адабияты — 4 миң 980.

2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыгы жогорку окуу жайларга гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясы 13-июлда башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар