15:12
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ОСАГОну киргизүү бюджетке 55 миллион сомдон ашуун каражат алып келет

ОСАГОну киргизүү мамлекеттик бюджетке салык түрүндө 40 миллион сомго жакын жана камсыздандыруу төлөмдөр түрүндө 15 миллион сом каражат алып келет. Бул тууралуу Мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн төрагасы Арзыбек Кожошев журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

«ОСАГОнун жакшы жактарын айтып жатып, мультипликативдүү эффекти жөнүндө унутпоо керек. Жаңы иш орундары ачылат, себеби камсыздандыруу компаниялары Кыргызстандын баардык аймактарында филиалдарын ачып, аларды өнүктүрүүгө кызыкдар болот. Биринчи этабында 1 миңге жакын жаңы иш орундары ачылат деп болжолдоп жатабыз», — деди Кожошев.

Эске салсак, 16-ноябрда ИИМ Жол кыймылы эрежелерине түзөтүүлөрдү киргизип, аларды коомдук талкууга алып чыккан. Ал түзөтүүлөргө ылайык, 2021-жылдын 1-январынан баштап унааларга ОСАГОсуз жүрүүгө тыюу салынмак. Себеби, 2021-жылдан баштап милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттемелерди аткарбаган унаа ээлерин жоопкерчиликке тартуу чаралары күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар