22:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Салык кодексин кайтадан жазып чыгышат

Экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири — бул Салык кодекси. Аны талдоо киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун туруксуздугун жана тутумсуз экендигин, салык төлөөчүлөр тарабынан нааразычылыктардын бар экендигин көрсөттү. Бул туурасында премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин биринчи кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

«Жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алууга убакыт келип жетти. Жаңы редакция эски мамилелерди жана салык башкаруу ыкмаларын жоюп, ал түз таасир этүүчү мыйзам катары колдонууга жөнөкөй жана салык төлөөчү үчүн түшүнүктүү болушу керек. Бир документте бизнес үчүн бардык салыкты жана социалдык төлөмдөрдү бириктирүү керек. Андыктан, түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ 2 айлык мөөнөттө Салык кодексинин жаңы редакциясын жана тийиштүү ЧУА пакетин даярдашы зарыл, ал бизнес-коомчулук менен биргеликте талкууланып, коомдук талкуудан өткөрүлүп, Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кароосуна киргизилиши кажет», — деп белгиледи Артем Новиков.

Кеңешменин катышуучуларына биринчи кезектеги иш багыттары боюнча конструктивдүү кадамдар жана чечимдер сунушталды, ошондой эле Экономикалык реформалар боюнча кеңештин ишин активдештирүү жана каралып жаткан маселелердин тизимин кеңейтүү боюнча сунуштар берилди.

Жыйынтыгында премьер-министрдин м.а. белгилегендей, ишкерлер, эксперттик коомчулук өлкө үчүн маанилүү экономиканы ырааттуу өнүктүрүү, аны инновациялык реформалоо боюнча чечимдерди иштеп чыгууда активдүү катышуусу керек. Ал эми өкмөт өз кезегинде ишкерлер жана эксперттик коомчулук менен биргеликте конкреттүү жыйынтыктарга багытталган диалогду колдоого алууга ниеттенүүдө.

Соңунда Экономикалык реформалар боюнча кеңештин катышуучулары тараптан эки жумалык мөөнөттө экономиканын маанилүү тарамактарын реформалоо боюнча концептуалдык сунуштарды даярдап, кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар