17:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жаңы бийлик легитимдүү экенин Садыр Жапаров элчилерге айтты

Өлкөдөгү коомдук-саясий абал турукташты. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров элчилер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Айтымында, азыркы бийлик толугу менен лигетимдүү.

«Кыргызстандын эли коррупциядан, укуктун жоктугунан жана топтолгон экономикалык көйгөйлөрдөн тажады. Эл эскиче жашагысы келбей, бийликти кетирүү талабы менен аянтка чыгышты. Кыргыз эли чынчыл жана адилеттүү жашоого болгон укугун коргой алды», — деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал турукташып, бийлик 2005 жана 2010-жылдагы окуялардан сабак алды.

Эң көп окулган жаңылыктар