16:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусия бийлиги Meta компаниясын «экстремисттик» деп тапты

Москванын Тверь райондук сотунун судьясы Ольга Солопова америкалык Meta компаниясына каршы укук коргоо органдарынын доосун карап, аны «экстремисттик» деп тапты. Бул тууралуу чечимди судья 21-мартта кабыл алды.

Соттун чечимине ылайык, корпорация ээлик кылган Facebook менен Instagram тармактары Орусияда толук бөгөттөлөт. Орусияда Facebook 4-марттан баштап, Instagram 14-марттан баштап жабылган эле. Сот чечиминин WhatsApp мессенжерине тиешеси жок.

Мунун алдында Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Meta корпорациясынын ишмердүүлүгүнө толук тыюу салууну талап кылган. ФСБнын өкүлү мындай талапты Москванын Тверь райондук сотундагы отурумда билдирип, компаниянын ишмердүүлүгү Орусияга жана анын куралдуу күчтөрүнө каршы багытталганын жүйө келтирген.

Мурдарак прокуратура Meta компаниясын «экстремисттик уюм» деп атап, америкалык компаниянын жабылышын соттук отурумда да жактаган. Алар Facebook менен Instagram түйүндөрүн өчүрүүнү сунуш кылып, байланыш каражаты болгону үчүн WhatsApp платформасына бул чектөөнүн тиешеси жок деп айтышкан. Meta компаниясынын өкүлү алардын юристтерине кошумча убакыт сурап, соттук кароону жылдырып турууну өтүнгөн болчу.

Орусияда Meta корпорациясына каршы соттук доолорго жана ага караштуу социалдык түйүндөрдү бөгөттөөгө анын контентиндеги эрежелер себеп болгон. Социалдык түйүндөрдө украиналык колдонуучуларга орусиялык аскерлерге зомбулук көрсөтүү жана каргап-шилөө тууралуу чакырыктарга уруксат берилген. Кийин компания русофобияга жана Орусиянын жарандарына жасалган дискриминацияга жол бербей турганын билдирип, жаңы эрежелер убактылуу киргизилгенин жана Украинанын аймагында гана мүмкүн экенин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар