23:39
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстанда «Феминита» кыймылынын активисттери кармалды

Казакстандын Чымкент шаарында «Феминита» кыймылынын активисттери Жанар Секербаева менен Гүлзада Сержан кармалды.

Аларга каршы «Бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоочу Татьяна Чернобиль билдирди.

Активисттер 29-майда калаадагы мейманканалардын биринде жергиликтүү жашоочулар менен ЛГБТ аялдардын укуктары тууралуу жолугушуу өткөрүшмөк. Бирок уюштуруучулар менен катышуучуларды имаратка киргизбей коюп, алар жакын жердеги кафеге барышкан. Ал жерге динчилдер жана полиция кызматкерлери топтолуп, Гүлзада менен Жанарга кол салып, бетке-башка койгулашкан.

Кийинчерээк Чымкент шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы активисттер Жанар Секербаева менен Гүлзада Сержан «алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн» кармалганын билдирди.

Казакстанда «Бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 20 сутка камакка алуу же 537 доллар өлчөмүндө айып пул төлөтүү жазалары каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар