05:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Камчыбек Ташиев: Интернетте жалган жалаа жапкандар жоопко тартылат

Интернетте жалган жалаа жапкандар жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда коомда радикалдаштыруу, айрыкча саясый экстремизм күч алууда.

«Өлкө башчысына жана башкаларга жалган жалаа жапкандар жоопко тартылат. Токтогула. Биз баарыңарды каттоого алып жатабыз. Чет өлкөлөрдөгүлөрдү дагы бул жакка алып келүү боюнча келишим түзүлүп жатат», — дейт ал.

Камчыбек Ташиев бийлик революцияга жол бербестигин эскертти.

«Азыр саясатчылар олтуруп алып, күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Андан кийин революция болот деп сүйлөп жатышат. Андай болбойт. Революцияга биз, элдик бийлик жол бербейбиз. Андан көрө биз өзүбүз эле бийликтен кетебиз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар