Өлкөдөгү ооруканаларда 3 миң 322 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарлын 1,6 пайызынын абалы канааттандыраарлык, 65,1 пайызыныкы орто жана 28,7 пайызы оор абалда. 150 бейтап өтө оор абалда жандандыруу бөлүмдөрүндө дарыланууда.
Министрликтин билдирүүсүндө, 3 миң 874 адам үйдөн дарыланууда.