02:45
USD 84.79
EUR 100.68
RUB 1.12

COVID-19 илдетинен Баткенде үчөө, Бишкекте бир киши каза тапты

COVID-19 илдетинен бир сутканын ичинде 5 киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бишкек шаарында — 1, Чүй облусунда — 1 жана дагы үчөө Баткен облусунда набыт болду.

Март айынан бери коронавирус инфекциясынан 1 миң 193 өлүм катталды.

Өлкөдө 64 миң 887 киши вируска чалдыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар