16:29
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Тажикстанда доллардын курсу жогорулап жатат

Тажикстанда АКШ долларынын курсу сомониге карата 10% ашык жогорулады.

Өлкөнүн Улуттук банкы жарыялаган расмий курска ылайык, 1 доллар 10,3 сомониден 11,3 сомониге кымбаттады. Каржы көзөмөл мекемеси мындай чечимин валюталык тобокелдиктердин таасири, ошондой эле расмий жана бейрасмий курстун ортосундагы айырмачылыкты 2% деңеээлде камсыздоо аракети менен түшүндүрүүдө. Акыркы күндөрү расмий жана бейрасмий курстун айырмачылы 9,3% болуп кеткен.

Мекеменин маалыматына караганда, доллар курсунун сомониге карата жогорулашына ага суроо-талаптын күчөгөнү, тышкы сооданын терс балансы, чет өлкөлөрдөн акча которуулардын жана чет өлкөлүк инвестициянын азайышы себеп болууда.

Быйыл январдан октябрга чейин улуттук валютанын долларга карата курсу 6,7% төмөндөгөн. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9 пунктка көп.

Тажикстанда 2016-жылдан бери банктарда гана акча алмаштырууга мүмкүн. Банктан тышкары операцияларды аткаруу үчүн мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар