13:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Расул Умбеталиев пара талап кылган деген шектенүү менен кармалды

«Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү Расул Умбеталиев 500 миң сом пара талап кылган деген шектенүу менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы Отун-энергетикалык комплексиндеги жемкорлукту жоюу иш-чарасын жүргүзгөн.

«Ишкер күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алуу боюнча тендерге катышкан. Комиссия мүчөсү маселени оң жагына чечип берүү үчүн андан «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ири суммадагы акча талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча каттоого алынды.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар