08:01
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Кара-Кече кени кайра иштеп баштады. Кызматкерлер коронавируска анализ тапшырууда

Нарын облусундагы Кара-Кече кени кайра иштеп баштады. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасы билдирет.

Маалыматка караганда, ишкананын кызматкерлери ооруп, коронавируска шектелгендигине байланыштуу 30-31-ноябрда кен иштеген эмес.

««Кыргызкөмүр» ишканасы тарабынан жумушчуларга жана медиктерге атайын машине бөлүнүп, жумушчулар экспресс тест тапшырып жыйыныгында сасык тумоо менен ооруганы белгилүү болду. 1- ноябрдан баштап мурдагы жумушчулар менен контакта болбогон жаңы кызмакерлер тобу келишти. Кара-Кечеде жумуш штаттык режимде жүрүп атат», — дейт ишкана.

Кенде жумушчулардан анализ алынды. Кара-Кечедеги техникаларды жана адам көп жүрүүчү жайларды дезинфекциядан өткөздү.

«Көмүргө келген жалпы жараандар жана айдоочулар, Кара-Кечеге киргенде маска тагынып антисептик менен коңуздарды тазалап туруңуздар. Ооруган айдоочулар, айыкканга чейин көмүр алууга кирбей турууңуздарды суранабыз», — дейт «Кыргыз көмүр».

Эң көп окулган жаңылыктар