12:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тилек Матраимов кызматына кайтып келди деген маалымат төгүндөлдү

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кайрадан кызмат кайтып, иштеп жатат деген маалымат төгүндөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тилек Матраимов 16-октябрь күнү өкмөт башчынын токтомунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган, ошондуктан ай кайтадан иштеп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Тилек Матраимов кабинетинин эшигине өзүнүн ысымын жаздырып, ишин улантып жатат деген маалымат тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума