07:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жабдуулар бузулуп калбасын деп, ТЭЦте буу чыгарып жатышат

Шаардыктар ТЭЦ түтүктөрүнөн чыккан түтүндү байкашып, тынчсыздана башташты. Буга чейин ордо калаабыздын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүп, кайтадан жанды.

Улуттук электрохолдингдин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, ал тутүн эмес, буу.

«Электр жарыгы өчкөнүнө байланыштуу ТЭЦтин жабдууларын коргоочу аспаптар автоматтык түрдө иштей баштап, түтүктөрдөн буу чыкты. Ал эми электр жарыгынын өчүү себептерин учурда иликтеп жатабыз», — дешти мекеме кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар