05:57
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Чүйдө түтүнгө ууланып эркек киши каза болду

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодский айылында түтүнгө ууланып эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жазылгандай, кырсык Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон. Анда үйдүн ичиндеги үй эмеректер күйүп, 1959-жылы туулган Б.В. аттуу эркек киши түтүнгө ууланган.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар