Президент жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана өкмөттүн башка мүчөлөрү парламент алдында ант беришти.
Эске салсак, бүгүн депутаттар Эльвира Сурубалдиеваны социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке бекитишти. Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри ордуна талапкер Аида Исмаилова мурдагы кесиптештеринин колдоосуна жетише албады.