23:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Канат Исаев ага ишеним көрсөтпөө боюнча кол чогултулуп жатканын билет

Канат Исаев ага ишеним көрсөтпөө боюнча кол чогултулуп жатканын билет, бирок ал баракчаны көрө электигин 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Айтымында, ал кетсе да, президенттик шайлоого катышуу үчүн кетет.

«Конституцияга ылайык, төрага Жогорку Кеңешти жетектеп да, шайлоого катышып да, эки милдетти аткара албайт», — деди ал.

Эске салсак, депутаттар 70 кол чогултту. Ишеним көрсөтпөөнү жарыялоо үчүн 40 добуш керек, төраганы кызматынын кетирүү үчүн — 80 добуш талап кылынат.

Эң көп окулган жаңылыктар