06:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Вируска кабылган балдар тукум улоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылышы ыктымал

Коронавирусту жуктуруп, сакайган бөбөктөр чоңойгондо тукумсуз болуп калуу коркунучу бар. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын педиатрлар союзунун аткаруучу комитетинин төрайымы Лейла Намазова-Баранова билдирди.

Маалыматка ылайык, симптомсуз коронавирус дагы балдардын ден соолугуна залакасын тийгизиши ыктымал. Мисалы, мээнин кабыл алуу жана эске тутуу функциялары начарлайт.

«Ата-энелерди баласы коронавирустан сакайган соң жакшылап көңүл бургула деп чакырам. Иликтөө жыйынтыгына ылайык, эркек балдарда дагы бир көйгөй жаралышы мүмкүн. Урологдор менен бирге жүргүзгөн иликтөөлөр баланын келечекте тукум улоо мүмкүнчүлүктөрүнө дагы терс таасирин тийгизери белгилүү болду. Демек, бир канча жылдан кийин эркектер арасында тукумсуздук күч алып, көйгөй жаратышы мүмкүн», — деди педиатр.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума