17:25
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мурдакы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Садыр Жапаров менен иштешет

Мурдакы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин аппаратын тышкы саясат бөлүмүн жетектейт. Бул тууралуу маалыматты Чыңгыз Айдарбеков өзү ырастады.
 
Ал эл үчүн ишимди улантууга мүмкүнчүлүк берген премьер-министр Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
 
«Бүгүн биздин өлкө оор абалда. Ушул оорчундуу күндөрдө мекениме жардам берүү үчүн бардык билимимди, тажрыйбамды, эл аралык байланыштарымды жумшоону менин милдетим деп эсептейм.
Мен тышкы саясаттагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана союздаштарыбыз, өнөктөштөрүбүз менен ишенимдүү мамилелерди калыбына келтирүүгө басым жасоону пландап жатам. Биз дээрлик 30 жылдан бери көзкарандысыз мамлекетте жашап келе жатабыз, арада таланттуу, шыктуу, акылдуу, келечектүү жаштардын бүтүндөй мууну өсүп чыкты. Эртең эмес, эл бүгүн жакшы жакка өзгөрүүлөрдү күтүп жатат», — дейт Чыңгыз Айдарбеков.
 
Экс-министр өзүнүн Facebook баракчасында мекендештерден өлкөнүн өнүгүүсүнө сунуштарды күтөрүн билдирди.

Дорогие соотечественники, друзья, единомышленники! Высоко ценю вашу поддержку! Более 22 лет посвятил служению моей...

Опубликовано Чингизом Айдарбековым Четверг, 22 октября 2020 г.
Эң көп окулган жаңылыктар