04:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Covid-19дун жаңы симптомдору аныкталды. Ооругандардын кулагы укпай калууда

Лондон университетинин окумуштуулары коронавирустун жаңы симптомдорун аныкташты. Бул тууралуу Express порталы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Covid-19 аныкталган адамдар тиннитус — кулагы тунуп, ооруганын айтып, доктурга кайрылышкан. Коронавирустун оор түрүнө чалдыккандардын кулагы такыр эле укпай калган учурлар да катталган.

Окмуштуулардын айтымында, тиннитус башка өнөкөттөрдү да коштойт. Ошондуктан эгер бул симптом коронавирустун башка белгилери менен коштолгон учурда гана тынчсызданууга болот.

Дүйнөдө вируска 39,8 миллион киши чалдыгып, анын 1,1 миллиону каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар