21:56
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19 экинчи толкуну: Кызыл жарым ай уюму ыктыярчыларды топтоодо

Өлкөдө COVID-19 жугузгандардын саны өскөнүнө байланыштуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай ыктыярчыларды топтоону баштады. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыктыярчыларга кошулгусу келгендер Кызыл жарым ай уюмунун кеңсесине кайрылса болот.

Негизги талаптар: жаш курагы 18 жаштан 45 жашка чейин, иммунитети чың, жардам берүүнү каалап, өз салымын кошуу жана жакшы маанай. 

«Бирдиктүү аракетибиз өлкөдөгү жагдайга жараша өзгөрүп турат. Ошондуктан ар түрдүү жагдайга даяр турушубуз керек», — дешти Кызыл жарым айдагылар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума