03:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековго эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди

Сооронбай Жээнбеков экс-президентке берилүүчү артыкчылыктардын баарын сактап калышы керек. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Канат Исаев билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салымын кошту.

«Сиздин эмгегиңиз баа жеткис. Сиздин жардамыңыз менен биз туруктуулугубузду сактап калдык. Сооронбай Жээнбеков экс-президентине берилүүчү артыкчылыктардын баарын сактап калышы керек», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш отурумунан чыгып кетти. Депутаттар аны кол чабуулар менен узатышты.

Эң көп окулган жаңылыктар