04:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эртең Жогорку Кеңеш жыйында президенттин отставкасын талкуулайт

Эртең Жогорку Кеңеш жыйында президенттин отставкасын талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы талкууланат.

Белгилей кетсек, премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары парламенттин жана анын жаңы спикери Канат Исаевдин отставкасын талап кылышууда.

Президент кеткенден кийин анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат.

Конституция боюнча жакынкы үч айда президенттик шайлоо өтүшү шарт.

Эң көп окулган жаңылыктар