02:41
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Камчыбек Ташиев: Премьер-министр менен президенттин сүйлөшүүсү башталды

Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун өнөгү Камчыбек Ташиева митингчилерге Facebook баракчасы аркылуу кайрылып, учурда президент менен премьер-министр активдүү сүйлөшүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы Садыр Жапаровдун абалы начарлап, мамлекет башчы менен жолугушуу болбой калганын айткан эле.

«Мамлекетибиздин биримдиги жана тынчтыгы үчүн президент жана премьер-министр активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Президенттин отставкасы талкууда, буюрса баары эл каалагандай болот. Сабыр кылыңыздар, тынчтыкты сактап күтө туруңуздар», — деп жазат Камчыбек Ташиев.

Жолугушуу бүгүн саат 11.00дө болмок. Кечээ Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүү аягына чыкпаганын, Сооронбай Жээнбеков менен бүгүн дагы жолугарын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар