Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн кол койду.
Мирбек Мияров парламенттик шайлоодо аз добуш алган «Ордо» партиясынын лидери.
Ал 1984-жылы туулган.