01:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент Чүй районунун акимин алмаштырды

Алмаз Аттокуров Чүй облусунун Чүй районунун акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматта белгиленгендей, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Алмаз Аттокуров бул кызматта жети ай иштеген.

Президенттин башка буйругу менен бош кызмат ордуна Нурланбек Тагаев дайындалды. Ал мурда Бишкектин Ленин районунун акими болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар