23:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Айыл чарба министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин жаңы орун басарларын дайындады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Асел Кененбаева министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал 2023-жылдан баштап «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын техникалык маселелер боюнча директорунун орун басары кызматында иштеген.

Мирбек Дүйшеев айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Ал 2018-жылдан баштап Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары болгон.

Кубат Касейинов айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. 2021-жылдан баштап жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар