09:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Садыр Жапаров президенттин кызматынан кетүүсүн бүгүн чечүүгө убадалады

Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн дагы жолугушмакчы. Бул тууралуу өкмөт башчысы маалымат жыйында билдирди.

Журналистердин суроосуна жооп берип жатып, Жапаров митингге чыккандардын талабын аткаруу максатында президенттин кызматынан кетүү маселесин өлкө жетекчиси менен талкууламакчы.

«Азыр аянтта менин гана тарапташтарым чогулган жок, башкалар да бар. Президенттин кызматынан кетүүсүн бүгүн талкуулайбыз. Бул маселени бүгүн чечишибиз талап. Өлкөгө туруктуулук керек», — деди Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби