07:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстан Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди

Өзбекстан Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Зиябиддинбек Кочкорбаев жана Махсуд Ахмедов менен бирге Кыргызстанга алынып келинди.

Бул үчөө 6-октябрда өзбек-кыргыз чек арасынан кармалган.

Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовдун эки иниси Русланбек менен Исламбек дагы кармалганы айтылып, бирок, маалымат такталган эмес. 

Эң көп окулган жаңылыктар