Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары «Жаннат» отелине топтолушту. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Анын айтымында, жыйынга 35 депутат катышып, кворум болгон жок.
Жыйында премьер-министрдин кызматын убактылуу жетектей турган талапкер каралып, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлмөк.
Президент импичмент жарыялоону баардык депутаттар колдогон жок. Ага Мыктыбек Абдылдаев менен Айнура Аскарова кол койгон эмес.