23:11
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Сооронбай Жээнбеков жарандарды шайлоого катышып, тандоо жасоого чакырды

Президент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат.

Өлкө башчысы ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгендигин белгилейт.

«Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл», — дейт ал.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бийлик шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулду.

Президент партия лидерлерине шайлоодо утулуп калса, жеңилүүнү көтөрө билүүгө чакырды.

«Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз

Сооронбай Жээнбеков.

«Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла.Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент добуш берүү ар бир жарандын жеке чечими экенин белгилеп өттү.

«Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар