10:59
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

6-октябрдан тартып 1-6-класстардын окуучулары мектептерде окуусун улантышат

6-октябрдан тартып 1-6-класстардын окуучулары мектептерде окуусун улантышат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анда 1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуу боюнча санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептерде балдар менен катар эле мугалимдердин да дене табы өлчөнөт, бет кап кийүү милдеттүү болот. Мындан тышкары кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда коронавирустун белгилеринин бар-жогу жөнүндө анкета толтурушат.

Мектептер балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Анда пайдаланылуучу каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдөн ашпашы керек. Класстар желдетилип турушу зарыл.

Окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Окуучулар аралыкты сактоо менен отургузулат. Балдар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

Муну менен катар мектептерде түрдүү иш-чаларды өткөрүүгө, ата-энелердин жана башка жарандардын киришине уруксат жок.

Эң көп окулган жаңылыктар