06:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстан авиакаттамдардын саны көбөйтөт

Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, эң көп кайрылуулар авиа каттамдарды жандандырылуусу боюнча келип жатат.

«Өткөндө 32 өлкөгө каттамдарды ачууга макулдук берилди. Анын ичинен өтө көп суралган: Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштерди күчөтөбүз», — деди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар