19:55
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Беш медициналык кызматкер вирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, Бишкек шаарында - 1,  Ош облусунда - 1 жана Баткен облусунда - 3 медициналык кызматкер илдетке чалдыкты.

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 23 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3208 учур катталды, алардын ичинен 2874 медкызматкер айыгып чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар