06:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Баткен жана Ош облусунда вирус жуктургандар көп катталууда

Бир сутка ичинде 88 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Вирус дагы эле Баткен облусунда көп катталууда. Бир суткада бул аймакта 29 киши вирус жуктурду. 

Ош облусунда өткөн суткада 24 кишиден вирус табылды.

Бишкек шаарында - 9, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 8, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 8 жаңы учур катталды. 

Март айынан бери 45 миң 630 киши вируска кабылды.

Эң көп окулган жаңылыктар