23:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бала бакча жана мектептер качан ачылаары маалым болду

15-сентябрда өткөн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронв бала бакча жана мектептердин иштөөсү тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, Республикалык штабда бала бакчаларын санитардык талаптарды сактоо менен ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

«Коронавирус инфекциясынын жайылуусу күчөгөн убакытта бардык бала бакчалар жабылган, азыркы учурда жеке менчиктери гана санэпидемкөзөмөлдөө борборлордун макулдугу менен иштеп жатат. Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, алардын ачылышы жөнүндө жакынкы күндөрдө тиешелүү чечим кабыл алынат», — деди өкмөт башчысы.

Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, ал үчүн атайын колдонмолор жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттер алгоритми бекитилген, имараттарында дезинфекциялоо иштери башталды.

«Ал эми мектептердин толук кандуу иштеп башташы боюнча акыркы сөздү сентябрь айынын аягында айтабыз. Учурда санитардык-эпидемиологиялык эксперттер Билим берүү министрлиги менен биргеликте баардык тажрыйбаларды карап, күнү-түнү иштеп жатат», — деп билдирди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар