23:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Пара менен кармалган УКМК кызматкери Дамир Мусакеевдин айдоочусу болуп иштеген

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын күн мурун пара алып жаткан жеринен кармалган УКМКнын кызматкери жөнүндө маалыматы иликтеп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Анын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 4-сентябрында саат 22:00 чамасында Бишкектин 4-кичи районунда ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан КЖБРге Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 77 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн улук оперативдик кызматкери кармалган.

Иштин чоо-жайы:

2020-жылдын 19-августунда Башкы прокуратурага А.О. аттуу жарандын Бишкек шаарынын Октябрь районунун Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматында (загс) өзүнүн улуу баласы Н.У.га аталыгын аныктоого байланыштуу маселени оң жагына чечүү үчүн 3000 АКШ доллар талап кылган Санжар аттуу финансы полициясынын кызматкерине чара көрүү жөнүндө арызы келип түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө арызда көрсөтүлгөн Санжар финансы полициясынын кадрлар аппаратынын каттоосунда жок экендиги аныкталган. Анын улуттук коопсуздук органдарына таандык экендиги ал кармалгандан кийин гана белгилүү болгон.

Ал кармалган күнү, кызматтык ордун уруксатсыз таштап, жумуш күнү арыз ээси менен үч жолу жолугушкан. УКМКнын кадрдык аппаратынын маалыматына ылайык, ал буга чейин 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевдин айдоочусу болуп КР УКМКнын 9-кызматында кызмат өтөгөн, андан кийин 2016-жылы, КР УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин буйругу менен оперативдик кызматка которулуп, КР УКМКсынын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгына жөнөтүлгөн. Акыркы ээлеген кызматы — КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн улук оперативдик кызматкери.

2020-жылдын 6-сентябрында кармалган адамга Жазык кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүгү (алдамчылык) жана 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен каралган кылмыштарды жасагандыгына шектүү жөнүндө кабарлама берилген.

Бишкек шаардык прокуратурасы шектелүүчү Н. уулу С. карата баш коргоо чарасын 2 айлык мөөнөткө камакка алууну тандап алуу тууралуу өтүнүчү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылган.

Ал жерде соттун тергөөчү судьясы тарабынан өтүнүч канааттандырылган эмес жана шектелүүчүгө карата үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасы аныкталган.

Жаза көрүлүүчү кылмыш жосунунун белгилери каралган, мыйзамга каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн УКМКнын кармалган кызматкери дискредитациялоо боюнча улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар