06:46
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барат

Премьер-министри Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Анын маалыматы боюнча, өкмөт башчы Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу менен таанышат.

«Премьер-министр ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн көрүп келет», — деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар