Ош облусунун Алай районунда 62 жаштагы жарандын сөөгү дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
«9-сентябрда саат 8де Жар-Кыштак айылындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө түшүп, кайрылгандар аны чыгарып берүүнү суранышкан. Жерине куткаруучулар тартылып, 1958-жылы туулган эркек адамдын сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — дейт ӨКМ.