17:03
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кемин районунда 12 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду

Кемин районунда 12 жаштагы бала Чүй суусуна түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма-сөз кызматы маалымдады.
 
Белгилүү болгондой, кечээ 6-июлда Кемин районунун Нур айылындагы Чүй суусуна 2008-жылы туулган жаш бала түшүп кеткен.
 
"Окуя катталган жайга Кемин райондук №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн жана Токмок шаардык №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар тартылган. Бүгүн саат 7:45тө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп берилет маалыматта. 
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар