18:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Окуу жылынын башталышы менен 150гө жакын мектепте ысык тамак берилүүдө

Жаңы окуу жылынын башталышы менен (1-класс) дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2022-жылга чейин бардык башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттеринин алкагында 100дөй мектепте ысык тамак бере баштады. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик жана ата-энелердин жардамында дагы 50дөй мектепте ысык тамак уюштурулду.

Биринчи чейректе мектепке 1-класстын окуучулары гана баргандыктан, БУУ ДАТП балдардын ысык тамагына деп Кыргызстандын 249 мектебине байытылган ун жеткирип берди.

Эң көп окулган жаңылыктар