06:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ырчы Бегимай Бекбоева дагы жоолук салынды

Эстрада ырчысы Бегимай Бекбоева жоолук салынып, намаз окуп баштады. Бул туралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жоолук салынып түшкөн сүрөттөрүн жүктөгөн. Анын алдына күйөрмандары намаз окуу туралуу сурашканда, ооба деп билдирүү калтырган.

Маалыматка ылайык, Бегимай Бекбоеванын жоолук салынганына бир жуманын жүзү болгон.

Эске сала кетсек, жакында эле ырчы айым Айпери Кубик кызы, алып баруучу Нурзат Токтосунова жоолук салынганы маалым болгон. Ал эми шоу-бизнестин дагы бир өкүлү Малика Дина дагы жоолук салынып, узун көйнөк кийип түшкөн сүрөттөрүн жүктөп, намаз окууга даярданып жатканын билдирген.  

Эң көп окулган жаңылыктар