05:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда жоолук менен паспортко сүрөткө түшүүгө болот

Кыргызстанда жоолук менен паспортко сүрөткө түшүүгө тыюу салынган эмес. Бул тууралуу «Инфоком» ишканасынын өкүлү Кубанычбек Саданбеков билдирди.

Анын айтымында, эл аралык жоболор боюнча жоолук менен сүрөткө түшүүгө болот.

«Эң башкысы бет менен пешене ачык болушу керек. Диний ишениминен улам салынган жоолукка тыюу салуу жок. Бирок, башка баш кийим менен сүрөткө түшүүгө болбойт», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар